Кыргызстанда Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, бул күнү

бир жерге чогулуп, иш-чараларды өткөрүп майрамдоого болбойт.

Мындай чечим коронавирустун алдын алуу боюнча кабыл алынды.

Буга чейин Нооруздагы көк бөрү турнири өтпөй турганы маалым болгон.

Коронавирус учурда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды.

Ал эми Кыргызстанда вирусту жуктуруп алган учур боло элек.