Дмитрий Медведев Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болду

Мурдагы өкмөт башчы Дмитрий Медведев Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болду.

Тиешелүү жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Эске салсак, 15-январда Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев отставкага кеткен.

Бул кадамын ал өлкө башчынын демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан

өзгөрүүлөргө байланыштуу экендигин түшүндүргөн.

Ал эми анын ордуна Михаил Мишустин кызмат ордуна дайындалды.