Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык,
чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын элчилери жана башкы консулдары дайындалды.
Бул тууралуу президенттик сайтта маалымдалды.
Жарлыктарга ылайык:
— Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчиси жана
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк
азык-түлүк программасы жана эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун алдындагы
Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды;
— Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги элчиси болду;
— Султанов Талант Кушчубаевич Түркмөнстанга элчи болду;
— Арипов Назарали Турдалиевич Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды;
— Сыдыкова Лира Эсенгуловна Түркиянын Стамбул шаарына башкы консул болуп дайындалды.
Ошол эле учурда, президенттин жарлыктары менен:
— Мукашев Данияр Муратбекович Италиядагы элчи кызматынан бошотулду;
— Алымкулов Алиясбек Толбашиевич Алматы шаарындагы башкы консул кызматынан четтетилди;
— Абдрахманов Нурлан Асеинович Стамбулга башкы консул болбой калды.