Киану Ривз бейтааныш адамды сотко берди

Киану Ривзди бир канча убакыттан бери бирөө аңдып жүргөн.

Маалымат каражаттары белгисиз адам актёрдун үйүнө кайра-кайра келгенин жазышты.

Бир жолу короого рюкзак таштап кеткен, анын ичинде ДНК анализи болгон.

Кыязы, ушундай жол менен бейтааныш адам Ривске алардын тууган экенин далилдегенге аракет кылган окшойт.

Өзүн коргоо үчүн артист сотко кайрылган.

Жыйынтыгында сот бейтааныш адамга Ривз менен анын сүйүктүүсүнө 90 метрден жакын жологонго тыюу салган чечим чыгарды.