Ошто былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 5 айыл өкмөтү дотациядан чыкты.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар Ноокат районунун Гүлистан жана Мирмахмудов айыл өкмөтү, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү, Өзгөндүн Куршабы жана Араван районунун Юсупова айыл өкмөтү.
Бүгүнкү күндө Ошто дотациядан чыккан аймактын саны 11ге жетти.
Быйыл дагы 6 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда.