Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.
Таймашта спортчу украиналык Aнастасия Шустова менен кез келди. Оюн 12:1 эсебинде
кыргызстандык спортчунун пайдасына чечилди. Медет кызы буга чейин россиялык,
болгариялык жана эстониялык спортчуларды жеңген. Эске салсак, аталган
чемпионатта Кыргызстан капчыгында бирден алтын, күмүш жана коло бар.