Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтин маалыматында, 14-майдан 17сине чейин
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, каттуу жаан жаайт.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.
Тоолуу аймактарда жаан карга айланат. Абанын табы төмөндөп, батыштан соккон
шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы
айыл чарба, унаалардын жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук кылат.