Ошто коомдук транспортто санитардык нормалардын сакталышына көзөмөл күчөтүлдү.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бул билим берүү мекемелеринин ачылышына жана шаардагы элдин агымы көбөйгөнүнө байланыштуу.
Рейддердин алкагында коомдук транспорттогу антисепиктердин бар-жоктугу, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталышы текшерилди. Талаптарды аткарбаган айдоочуларга эскертүү берилди.