Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы күндүзгү стационар ишин токтотту.
Акыркы суткаларда бейтаптар кайрылбай калгандыгына байланыштуу стационар жабылып,
дары-дармектер, медициналык жабдуулар комиссия аркылуу өткөрүлүп алынды.
Буга чейин мектепте 17 орундуу күндүзгү стационар ачылган.
Ал жерде 5 ыктыярчы эмгектенип, ооругандарга медициналык жардам көрсөтүлүп келген.