Кыргызстанда жарандардын колундагы бардык курал-жарактар текшерилет

Кыргызстанда жарандардын колундагы бардык курал-жарактар текшерилет.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай иш-чара шайлоого карата коомдук тартипти сактоо максатында жасалууда.

Анын алкагында бардык жеке менчик кайтаруу агенттиктери жана анда иштеген кызматкерлер, белекке берилген, травматикалык жана

өзүн-өзү коргоого ала турган курал-жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген

куралдар да кароодон өтөт. Мындан тышкары, жеке жана юридикалык жактарга курал сатууга жана сатып алууга документ берүү да токтотулат.

Аны менен катар курал-жарактарды саткан ишкана, дүкөндөр убактылуу жабылат.