Дүйнөдөгү миллиардерлердин жаңыланган рейтинги жарыяланды.
Bloomberg, басылмасы билдиргендей, биринчи сапта мурдагыдай эле
Amazon корпорациясын негиздөөчү Джефф Безос. Андан кийин SpaceX жана
Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск турат. Учурда анын каражаты
144 миллиард 700 миллион долларга бааланат. Үчилтикти Microsoft ттун башчысы
Билл Гейтс бекитет. Төртүнчүдө Louis Vuitton жана Moët Hennessy нин президенти
Бернар Арно жайгашса, бул ирет Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукерберг бешинчи сапка түштү.