Кыргызстанда үч ай ичинде бензиндин баасы 23 пайызга жогорулады

Кыргызстанда үч ай ичинде бензиндин баасы 10 сомго, же 23 пайызга жогорулады.

Мындай маалымат GlobalPetrolPrices тарабынан берилди. 1-мартка карата 1 литр

бензиндин баасы 43 сомду түзсө, 7-июнга карата 53 сомго жетти. Салыштырмалуу

айта турган болсок, дүйнөдө бензиндин орточо баасы 130 сомго барабар. Кошумчаласак,

дүң жана чекене баалар июнда Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда май

айына салыштырмалуу тоннасы 65 долларга чейин кымбаттады. Андан улам Россия

өкмөтү мунай заттарын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салууну карап жатат.