Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын тургундары үчүн электр энергиясынын тарифи 2 эсе төмөндөтүлөт

Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын тургундары үчүн электр энергиясынын тарифи 2 эсе төмөндөтүлөт. Мындай токтом долбоорун Энергетика министрлиги иштеп чыкты.

 

Документ кабыл алынса, баткендиктер бир киловатт-саат үчүн азыркы 77 тыйындын ордуна 38 тыйындан төлөп калат. Жалпысынан мындай жеңилдикти 22 миң 500 керектөөчүгө берүү пландалууда. Бул максатта каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.