Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында жашоо жанданууда

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында жашоо жанданууда. Бул калаада метро кайрадан иштей баштады. РИА Новостинин маалыматына ылайык, эми метро таңкы саат 6дан түнкү 11ге ейин элди ташыйт.

 

Жүргүнчүлөр бет кап тагынып, метрого кирип-чыккан сайын жеке ден соолук кодун сканерден өткөрүшү керек. Ухань  23-январдан бери изоляцияда. Транспорттун бардык түрү жүрбөй, аэропорт, темир жол бекеттери иштебей калган. Эми 8-апрелден тарта карантинден чыгаруу пландалып жатат.