Өзгөчө абал кирген төрт күндө миңге жакын адам тартип бузду

29-мартта коменданттык саат тартибин бузган 150 адам кармалды. Алардын ичинен 115 адам Бишкек шаары, 15и Ош шаары, сегизөө Жалал-Абад шаары, бирөө Сузак району, бирөө Ноокат району, 10 адам Кара-Суу району боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулушту. Төрт күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалган.

 

Ички иштер министрлиги өзгөчө абалдын талаптарын бузбоого чакырат. Милиция тартип бузгандар коменданттык саат аяктаганча кармалып, ал эми жанында тек жайын аныктаган документи болбосо үч күнгө чейин камаларын эскертет.