Кыргызстанда сасык тумоодон улам 200дөн ашык мектеп карантинге жабылды.
Анын ичинде Чүй облусунда 32, Таласта 111, Ысык-Көлдө үч, Жалал-Абадда алты, Ош облусунда 12 жана Бишкек шаарында 40 мектеп онлайн окутууга өттү, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку аптада өлкөдө сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган.
Эреже боюнча, эгер окуучулардын 20 пайызы сабакка барбай жатса, мектептерде карантин киргизүү маселеси каралат.