Бишкекте болгон жол кырсыгынан төрт адам каза болду

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жол кырсыгы болуп, төрт адам көз жумду. Бул тууралуу маалыматты милициядан билдиришти.

Кырсык 11-февраль күнү саат 22.30дар чамасында болгон.

Анда BMW жана Nissan үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Милиция көз жумгандардан тышкары бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди деди.