Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 учур катталды

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов жарыялады. Ал белгилегендей, анын 13 учуру Жалал-Абадда, алтоо Ошто, Чүйдө -2, Бишкекте – 4, Нарында 1 адам вирус жуктуруп алды.

 

Алар ооруканага жаткырылды. Учурда бейтаптар менен байланышта болгондорду аныктоо жүрүүдө, — деди Мамбетов. Ушуну менен, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 84кө жетти.