Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилкелер боюнча маселе чечилди деп айтууга азырынча эрте

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилкелер боюнча маселе чечилди деп айтууга азырынча эрте. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Андан белгилешкендей, мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация маселелерин чечүү сүйлөшүлүп, иштелип жатат.

 

Эске салсак, Тажикстандын Asia-Plus басылмасы эки өлкө  кыргыз-тажик чек арасынын талаштуу жерлеринин  23 гектарын алмашуу боюнча макулдашты деп жазып чыкты. Белгилеп кетсек, кечээ Баткенде эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация маселеси боюнча отурумга чогулган.