Кыргыз-казак чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда

Кыргыз-казак чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токмокко жакын жайгашкан Сортобе жана Манасчи айылдарында чыр чыгып, массалык мушташ катталды.

 

Окуя болгон жерлерге полиция тартылып, абал жөнгө салынган. Кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу. Өткөрүү бекеттери менен чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү, — дешти ведомстводон. Казакстандын аймактык полиция департаментинин маалыматына ылайык, аталган окуялар боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.