Түштүк Корея Кыргызстан жарандарына виза берүүнү жандантты

Түштүк Корея Кыргызстан жарандарына виза берүүнү жандантты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Эки өлкөнүн министрлери

ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, бүгүнтөн тартып кыргызстандыктар аталган өлкөгө

тоскоолдуксуз кире алышат. Ведомстводон эскертишкендей, өлкөгө бара турган жарандар ковидге

карата текшерүүдөн өтүшү керек. Эгерде Түштүк Кореяга барган жарандардан коронавирус

аныкталса, анда виза маселеси кайрадан каралышы мүмкүн.