Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” сезондук өткөрүү түйүнүнүн ачылышын белгисиз мөөнөткө жылдыруу сунушталды. Республикалык штабдан белгилешкендей, коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында пунктту азырынча ачпай туруу зарыл.
Эске салсак, Ысык-Көлдөгү “Каркыра” өткөрүү түйүнү адатта 1-майда ачылып, 1-ноябрга чейин иштейт.