COVID-19 вирусунун жайылышынын туу чокусунда обсервацияларда орундар жетиштүү болот

COVID-19 вирусунун жайылышынын туу чокусунда обсервацияларда орундар жетиштүү болот. Буга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ишендирүүдө.

 

Ал эске салгандай, Кыргызстанда 20-24-апрель аралыгында вируска чалдыккандардын саны кескин өсүшү мүмкүн.  Мындай божомолдорун адистер жана окумуштуулардан турган топ билдирген. Үсөнбаев билдиргендей, андан кийин оорунун басаңдашы күтүлөт. Эске салсак, учурга карата Кыргызстанда 554 адам коронавирус жуктуруп алды.