Билим берүү министрлиги мектептерди санариптештирүү ниетинде

Билим берүү министрлиги мектептерди санариптештирүү ниетинде. Бул долбоор бир нече багыттар боюнча ишке ашат. Алсак, мектептердин кире беришине чип системасы орнотулат.

 

Андан кийин электрондук журнал жана күндөлүктөр киргизилет. Ошондой эле, “Электрондук китепкана”, “электрондук ашкана” системалары иштеп баштайт. Долбоорлор ишке киргенде, ата-энелер балдарынын мектепке келишин, бааларын жана тамактануусун көзөмөлдөй алат.