Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар толугу менен токтогону кабарланды.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүн Баткендеги үч жерде, Булак-Башы, Как-Сай, Паскы-Арык аймагында ар кайсы убакта ок атылды.
Учурда Баткен облусунун Радар аймагында Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу өтүп жатканы маалымдады.