Кыргызстан аймагында форма-2 эми колдонулбайт.
Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, форма-2 боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.
Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана форма-2 боюнча добуш бере алат. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде гана добуш берет. Эске салсак, БШК президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.