Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт

Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Ал белгилегендей, тест жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында жүргүзүлөт. Эске салсак, Билим берүү министрлиги буйрук чыгарды, ага ылайык бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест тапшырат.  Жаңычылдык ушул жылдан тарта милдеттүү.