22 жыл аралыгында Кыргызстанда жол курууга 1 миллиард 956 миллион доллар сарпталды.
Ага каражаттын бөлүнүшү насыя жана гранттык негизде. Унаа жана жолдор министри
Жанат Бейшенов билдиргендей, 1996-жылдан 2018-жылга чейин 2 миң 79 чакырым
тилке кайра калыбына келтирилди. Анын 310 чакырымында учурда иштер жүрүп жатат.
Мындан тышкары тоннель жана эскаддык көпүрөлөр курулду. Министр белгилегендей,
оңдоп-түзөө иштерине каражат эл аралык каржы институттарынан алынып турган.