Айыл чарба министрлиги тооктун жумурткасын импорттоону алты айга тыюу салууну сунуштоодо.
Убактылуу чектөөгө канаттуулар ассоциациясынын кайрылуусу себеп болгону айтылат. Алар өлкөдөгү товар ички суроо-талапты канааттандыра тургандыгын айтышууда.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 90-100 пайызга жетти. Жай-күз мезгилинде чарбаларда продукциянын бир кыйла көбөйгөнү байкалат.
Ошол эле учурда азык-түлүк коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген жумуртканы өлкөгө алып келүү коркунучу күчөп жатканы белгиленди.