Өсүмдүк майына болгон баалар жыл башынан бери дээрлик 15 пайызга кымбаттады.
Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти. Алсак, 13-апрелге карата
өлкөдө азыкка болгон орточо баа 171 сомду түзөт. Барынан кымбат май Токмокто,
Кара-Сууда – литри 179. Бишкекте – 173 сом. Ал эми арзан майды Кара-Балтадан
сатып алса болот, бул жерде 162 сомго барабар. Ошондой эле
Өзгөндө жана Жалал-Абадда 157 сомдон сатылууда.