Корея Кыргызстанга 300 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөттү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 12 санариптик рентген-аппарат,
жасалма дем алдыруучу аппарат жана 50 термометр биздин өлкөгө жөнөтүлдү.
Жабдуулар Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги аркылуу жеткирилди.
Ошондой эле Кыргызстан лабораториясында биоматериалдарды
чогултуу үчүн Кореядан 5 смарт-кабина жеткирилди.