Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери чек арадагы атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери чек арадагы атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Соңку жаңылыктарга ылайык, чек арадагы курладуу жаңжалдан 42 адам жабыркап, Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде Жарандык коргонуу кызматынын  өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.

 

Жергиликтүү тургундар коопсуз жерге эвакуацияланды.