Баткен айылдарынан эвакуацияланган жарандар  тамак-аш жана зарыл буюмдар менен камсыздалды

Баткен айылдарынан эвакуацияланган жарандар  тамак-аш жана зарыл буюмдар менен камсыздалды. Алар коопсуз жерде жайгаштырылган убактылуу түйүндөргө жаткырылды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде Жарандык коргонуу кызматынын  өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери иштеп жатат. Алар үйлөрүн таштап качып чыгууга аргасыз болгондорго психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүүдө.