Кыргызстандагы кымбаттаган азык-түлүктөрдүн катарын кой эти жана пахта майы толуктады.
Үстүбүздөгү жылдын май айында орточо эсеп менен кой этинин бир килограммы — 465 сомго жетсе,
пахта майынын литри – 167 сомго теңелди, -деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен.
Ошол эле учурда республика боюнча кой этине максималдуу баалар Исфана, Жалал-Абадда – 500 сомдон,
эң арзаны Таластын Покровка айылында – 420 сом жана Караколдо – 428 сом. Ал эми суу майдын
эң кымбаты – Токмокто – 192 сомго жетсе, Исфана жана Ноокатта – 176 сом. Тескерисинче,
минималдуу баалар Кербеш шаарында 130 сом, Таласта – 141 сом жана Покровкада 154 сомго барабар.