Кыргызстанда 1-июндан тарта жарандардын айрым категориясы үчүн социалдык төлөмдөр жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Алсак, эми “үй-бүлөгө көмөк” төлөмү, 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандардын пособиеси жана баатыр-энелерге, карыларга бериле турчу атайын төлөмдөр көбөйтүлөт.
Кошулган сумма 300 сомдон 3 миң сомго чейин жетет. Ошондой эле, жарлыкка ылайык дайыма кароого муктаж болгон 18 жаштан жогорку майып жарандар үчүн персоналдык ассистенттерге каражат берүү каралды.