Кыргызстанда 1-сентябрга карата 11 мектептин курулушу аяктайт

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 11 мектептин курулушу аяктайт.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй жана Жалал-Абад облустарында 1 мектеп, Баткенде 1 окуу корпусу, Ошто 6 мектеп жана 2 окуу корпусу, Талас облусунда 1 мектеп жана 1 окуу корпусу колдонууга берилет.

 

Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 44 миллион 900 миң сом бөлүнгөн.