Кыргызстанга 33 миң тонна буудай жеткирилди

Кыргызстанга 33 миң тонна буудай жеткирилди. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдиргендей, дан 411 миллион сомго Россиядан сатылып алынды.

 

Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Андан тышкары, жергиликтүү дыйкандардан 10 миң тонна буудай сатылып алынат. Каракулов белгилегендей, фонддогу азык-түлүктүн запасы Кыргызстанды камсыздоого жетиштүү, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте дары-дармектер сатылып алынып, резервге коюлат.