Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери башталды

Баткен облусунда оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталган. «Аталган аймакта бүгүн 2 гектар жерде арпа орулуп, жыйналды. Жалпысынан Кадамжай районунда 2 миң 870 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген. 

 

Адистер арпа гектарынан 35 центнерден алынып жатканын айтышат. Былтыркы жылы түшүм гектарынан 28 центнерден алынган.

Негизи Баткен облусунда 2020-жылдын түшүмү үчүн 20 миң 702 гектарга күздүк кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын 7 миң 902 гектары буудай, 12 миң 797 гектары арпа», — деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү.

 

Белгилей кетсек, жыл сайын Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак, Алга айыл аймактарынын климаты ысык келгендиктен, аталган аймактарда облуста эле эмес, республика боюнча оруп-жыйноо иштери биринчилерден болуп башталат.