Ош облусунун Араван районунда экспорт үчүн картошка эгиле баштады

Ош облусунун Араван районунда экспорт үчүн картошка эгиле баштады.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү бийлик

органдары жазы талаа иштери менен таанышып, иштерди баштап берди.

Эми өндүрүлгөн картошка Россияга экспорттолот. Эске салсак, былтыр

пандемияга карабай Араван районунан чет өлкөгө 150 тонна жашылча экспорттолгон.