Бишкекте айрым абоненттер үчүн ысык суу менен жылуулукка болгон тарифтер кымбаттайт

Бишкекте айрым абоненттер үчүн ысык суу менен жылуулукка болгон тарифтер кымбаттайт. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Ага ылайык, эми бюджеттик уюмдарга, өнөр жай ишканаларына тарифтер азыркыдай  «өткөн жылдын тарифи + инфляция» схемасы менен эмес, жылуулуктун өздүк баасы чыгарылып эсептелет.

 

Учурдагы тариф бир гигакалория үчүн 2 миң 52 сомду түзөт. Өздүк баасына теңегенде 925 сомго кымбаттап, 2 миң 977 сомду  түзүп калат. Ал эми жөнөкөй абоненттер үчүн тарифтер өзгөрбөйт.