Быйыл жол куруу жана оңдоо жаатында каражат үнөмдөлдү.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл жол оңдоо жана тейлөөгө республикалык бюджеттен
1 миллиард 875 миллион сом каралган. Ал акча 570 миллион сомго кыскартылды.
Мындай чара өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу – деди орун басар.
Кошучаласак, өлкөдө бир катар эл аралык маанидеги жана аймак аралык трассалар курулуп жатат.