Кыргызстанда жерге жана турак-жайга документтерди каттоо процедурасы жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстанда жерге жана турак-жайга документтерди каттоо процедурасы жөнөкөйлөтүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Документ ошондой эле кыймылсыз мүлктү техникалык кароо процедурасын жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Бийликтен ишендиришкендей, бул “республиканын укуктук актыларындагы айрым мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн киргизилди”.