Бишкек-Ош унаа жолунда буга чейин унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда буга чейин унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын   223-чакырымында көлөмү 11 миң кубометрге жеткен кар көчкү түшкөн.

 

Тазалоо иштерине атайын техника жана жолчулар тартылып, кечээ кечки саат 10до жол кыймылга ачылды. Куткаруучулар эске салышкандай, “Сосновка” жана “Арал” постторунда киргизилген чектөөлөр дагы алынган.

 

Бирок оор жүк ташуучу унааларга чектөө дале бар.