Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы
10 миң 114 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 862 адам вакцинанын биринчи дозасын,
6 миң 252 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 760 миң 425 адам вакцинанын биринчи компоненти менен,
ал эми 561 миң 324 жаран экинчи компоненти менен эмделди.