Кыргызстанда ата мекендик ундан нан жасалып, сатыкка чыгарылды. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 1-сорттогу ундун сапаты импорттолгон азыктыкынан кем калбайт жана жабышчаактык деңгээли жакшы.
Ведомстводон белгилешкендей, кыргызстандык ун атайын лабораториялардын текшерүүсүнөн өттү.
Ал пайдалуу заттар менен байытылып, табигый минералдарга ээ.