Бишкекте дарылардын жетишсиздиги боюнча ызы-чуу акырындап басаңдап баштады.
Мэр Азиз Суракматов билдиргендей, оорубай туруп, запастап алып койгон жарандардын айынан зарыл препараттар табылбай калган.
Фармацевтикалык компаниялар кардарлардын сурамы боюнча дары-дармектерди ташып жатат. Бул алардын бизнеси болгондуктан, суроо-талапка ээ болгон препараттардын болушу ошолордун эле кызыкчылыгы. Андыктан, тынчыздануунун кажети жок, дары-дармек жетиштүү болот, — деди Суракматов.