Бишкекке жеке фирмалар убадалаган автобустардын барын алып келген жок

Бишкекке жеке фирмалар убадалаган автобустардын барын алып келген жок.

24 агенттигине шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев

билдиргендей, Өзбекстанда өндүрүлгөн 350 автобустар келмек, бирок анын 210у келди.

Калган 140ы жеткирилген жок. Эми түркияда өндүрүлгөн ири автобустардын биринчи

партиясы февралдын ортосунда келиши күтүлүүдө. Анын ортосунда тендердик арыздар

ушул жумада ачылат. Сынактын талабына ылайык, жеңүүчү компания Азия өнүктүрүү

банкынын долбоору аркылуу 120 электробус сатып алат. Бул үчүн аталган каржы

уюм 50 миллион доллар бөлүп берет.