Жаңы окуу жылында коопсуз аймактардын окуучулары мектепке барып билим алышат

Жаңы окуу жылында коопсуз аймактардын окуучулары мектепке барып билим алышат.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей,

мектептерде сабактар кандай шартта өтүшү санэпидем кѳзѳмѳл жана

жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде аныкталат.

Ошондой эле ата-энелерге окутуу форматын тандоо укугу берилет.

Эпидемиологиялык кырдаалы туруктуу аймактарда окуучулардын саны аз болсо,

нѳѳмѳттөгү класстар ачылышы мүмкүн. Балдар санына жараша топторго бѳлүнөт.

Аларга ийкемдүү жүгүртмө иштелип чыгат.