Ордо калаада 12 миң 176 бала 1-класска кабыл алынды

Ордо калаада 12 миң 176 бала 1-класска кабыл алынды.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, жалпысынан 15 миң 203 өтүнмө катталды.

Калган арыздар учурда каралып жатат. Белгилеп кетсек, жаңы окуу жылында өлкө боюнча

156 миң бала мектеп босогосун аттайт. Өкмөт 1-классты менчик түрүнө карабай,

мектепке барып билим алуу чечимин кабыл алды. Бул баланын социалдык адаптациясы,

окуу көндүмдөрү, кол моторикасынын калыптануусу үчүн маанилүү экени белгиленди.