Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер өтөт. Мэриянын маалыматына ылайык, жарманкелер 21-26-декабрда Ынтымак-2 паркында, 21инен 30-декабрга чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульвары менен кесилишинде орун алат.
Шаар тургундары жана коноктору бул жерде жаңы жылдык белектерди, айыл-чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып ала алат.